Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Милицияда далил катары алынган 33 кило баңгизаты уурдалганы аныкталды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгында буюм далил катары алынган 33 кг 850 грамм “каннабис чайыры” (гашиш) баңгизаты уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматы боюнча, бул иш боюнча райондук ички иштер башкармалыгынын буюм далилдердин сакталышына жооптуу кызматкери, милициянын старшинасы (М.С.) кармалды. Ал буюм далил катары табылган 33 кг 850 грамм “гашиш” баңгизатын уурдап алган. Анын ордун толуктоо үчүн башка төмөн сапаттагы 23 кг. 624 грамм баңгизаты менен алмаштырып, жетпей калган баңгизаттын ордуна таш жана бетондун калдыктарын салып койгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен милициянын старшинасына Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу” жана “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” беренелери менен айыбы угузулду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG