Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:09

Bloomberg: Алишер Усмановдун байлыгы миллиард долларга көбөйдү


Путин жана Усманов.
Путин жана Усманов.

Bloomberg компаниясынын индексине ылайык, өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун байлыгы жыл башынан бери 1 млрд. долларга көбөйүп, 19,5 млрд. долларга жетти.

Орусия президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы экени айтылган Усманов бул индексте дүйнөдөгү эң бай 500 кишинин ичинен 81-орунга жайгашкан.

Былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийин Алишер Усманов АКШнын, Евробиримдиктин жана Улуу Британиянын санкциялык тизмесине илинген.

Financial Times кабарлагандай, Өзбекстан миллиардер Усмановду санкциялык тизмеден чыгаруу өтүнүчү менен Евробиримдикке кайрылган.

Январдын аягында Алишер Усманов Орусиянын Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин мүчөлүгүнөн кетүүгө арыз берген. Ал муну "пенсияга чыкканы жана ишмердигин токтотуп жатканы" менен түшүндүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG