Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

УКМК беш адам “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунан чыкканын билдирди


“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тарткандар.
“Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тарткандар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Жалал-Абад облусунун Сузак районунун беш тургуну Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартканын билдирди.

Маалыматка караганда, алар уюмдун ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен.

Сот 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчу жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG