Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Краматорск шаарына урулган соккудан бери дегенде үч киши көз жумду


Соккудан кийин тартылган сүрөт. Краматорск.
Соккудан кийин тартылган сүрөт. Краматорск.

Украинанын Краматорск шаарында көп кабаттуу үй орус аскерлери аткан ракетадан талкаланды.

Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко кеминде 3 адам өлүп, 20 киши жараат алганын билдирди. Калаанын борборунда бутага алынган турак жайдын урандыларынын астында дагы адамдар болушу мүмкүн деген божомол бар.

Донецк облустук полициясынын маалыматына караганда, орус аскерлеринин "Искандер-К" ракетасынан бери дегенде көп кабаттуу сегиз үй зыян тартты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул чабуулду “карасанатайлык менен коштолгон өлкөдөгү жашоонун күнүмдүк чындыгы” деп сыпаттады.

Орусия тарап бул ракеталык сокку тууралуу комментарий бере элек.

Украин аскерлеринин көзөмөлүндөгү Краматорск орус аскерлери тынымсыз чабуул коюп жаткан Бахмут шаарынан ондогон чакырым жерде жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG