Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:13

Майыптыгы бар жигит Ош аэропорту менен соттошууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарынын тургуну Баястан Абдыкадыров Ош эл аралык аэропорту менен соттошууда.

Соттук териштирүүлөр 2022-жылдын октябрь айынан бери уланып жатканын анын адвокаты Максатбек Жорокулов "Азаттыкка" кабарлады.

"Баястан биринчи топтогу майыптыгы бар жараныбыз. Ал ден соолугуна байланыштуу Бишкектеги ооруканаларга көрүнүү үчүн тез-тез учушу керек. Бирок Ош аэропортунда майыптыгы барларды көтөрүп, учуу тилкесине жеткирген амбулифт, пандустар жок. Аэропорттун кызматкерлери коляскасы менен көтөрүп жеткиришет. Алар "сени көтөрүп белибиз ооруду" деген сыяктуу кемсинткен сөздөрдү айткандыктан, Баястан шаардык сотко укугун коргоо максатында кайрылды. Сот биздин арызды улам карабай, артка кайтарып жатып, октябрда биринчи отурум болду. Экинчи отурум 31-январда болуп, кошумча документтер талап кылынгандыктан, сот отуруму дагы жылды", - деди адвокат.

Жорокуловдун айтымында, арабада отурган майыптыгы бар адамдарды учуу тилкесине жеткирген амбулифт Бишкектеги "Манас" аба майданында эле бар.

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун майыптыгы бар адамдардын укугуна байланыштуу конвенциясын 2019-жылы март айында ратификация кылган. Ага ылайык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга коомдо инклюзиялык шарттарды түзүү керек. Эксперттер Кыргызстан бул шарттарды аткара албай жатканын айтып келет.

2022-жылдагы расмий эсеп боюнча Кыргызстанда 196 миңден ашуун адам майыптыгы бар деп катталган, анын ичинен 30 миңден ашууну жашы 18ге толо электер. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG