Тажикстанда алимент төлөбөгөн 398 адам изделүүдө

Иллюстрация.

Тажикстанда алиментти өз убагында төлөбөгөн жана жашаган жерин жашырган 398 жаран изделүүдө. Ал эми алимент төлөөдөн качкан 538 кишиге Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу өкмөткө караштуу Аткаруу кызматынын башчысы Барно Саидвализода 6-февралда Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында былтыр ажырашкан аталардан эне-баланын пайдасына 40 миң сомониге жакын же 4 миң доллардай алимент өндүрүлгөн. Бул бир жыл мурункудан 46% көп.

"Озоди" радиосу расмий маалыматтарга таянып, күн сайын Тажикстанда 30дан ашык үй-бүлө бузуларын жазды. Ажырашууга үй-бүлөгө туугандардын кийлигишүүсү, зомбулук, оор экономикалык абал жана миграция таасир этет.

Дагы караңыз

Граве медиага көзөмөлдү күчөтүү ордуна агартуу иштерин жүргүзүүнү сунуштадыМилиция Бишкекке жапырт камера койгусу келет Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден аштыКазакбаев: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар