Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Граве медиага көзөмөлдү күчөтүү ордуна агартуу иштерин жүргүзүүнү сунуштады


Антье Грави.
Антье Грави.

Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве эркин маалымат каражаттарынын ишмердиги өлкөнүн өнүгүүсүнө, андагы социалдык маселелердин чечилишине да таасир этерин билдирди.

Ал чектеген мыйзамдар мамлекеттин ыңгайсыз көз караштагы жарандарды чектөөсүнө жол ачарын бүгүн, 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда айтты.

“Азыр “ЖМКлар жөнүндө” мыйзам долбоорунун үстүнөн жумушчу топ иштеп жатат. Мен БУУнун адам укуктары жаатында иштеген бардык бөлүмдөрү жалган маалыматтар менен күрөшүүнүн бирден бир жолу адам укуктарына негизделген шартта болушу керектигин белгилешкенин айтып койгум келет. Ар кандай чектөөлөр менен эркин медиаларды көзөмөлдөөнүн, жалган маалымат үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуунун ордуна маалыматты текшерүү же фактчекинг ишин жайылтып, коомчулукту агартуу кампанияларын жүргүзүү керек”, - деди Граве.

Ал Адам укуктарынын декларациясынын 19-беренесинде “Ар бир адам эркин ой-пикирге жана аны эркин билдирүүгө укуктуу. Бул укук өз ой-пикирлерин тоскоолдуксуз жактоону жана маалыматтар менен идеяларды ар кандай каражаттар жана мамлекеттик чек араларга карабастан издөө, алуу жана таркатуу эркиндигин камтыйт” деген беренени да эске салды.

Бүгүнкү талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо" мыйзамын өзгөртүү сунушталды. “Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келет.

Мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылгандар ал азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешти.

Жыйындын катышуучулары “Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку жагдай боюнча да пикирин билдирип, аны жабууга көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамсыз экенин белгилешти. Анын толук иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырышты.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары министрлик аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракетин да көрүүдө. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG