Макамы аныктала элек 122 конуш бар экени айтылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө макамы аныктала элек 122 конуш бар экенин бүгүн 22-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурад Байдылдаев билдирди.

Жалпысынан, анын айтымында, өлкөдө 1981 айыл бар.

Бүгүнкү отурумда Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы 15 калктуу конушту айыл категориясына өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Тизмеге Кадамжай районунун Жетиген, Ак-Тилек, Умай-Эне, Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сай-Бою, Токтогул районунун Жаңы-Арык, Кырк-Казык, Чаткал районунун Биримдик, Алай районунун Кара-Токту, Кара-Суу районунун Достук, Бөрүлүк, Ноокат районунун Кара-Кечит, Өзгөн районунун Алча-Башат, Боз-Ала, Тоң районунун Ак-Булуң калктуу конуштары кирди.

Дагы караңыз

Ботаникалык бак маселеси парламентте кайрадан көтөрүлдүДепутат “Жашыл мурас” демилгеси ишке ашпай жатканын сындады Депутат Бекешев Ататүрк паркынын аймагына кабат үйлөр курулганы жатканын айтты"Ынтымакка чакырык". Кечирим абактагы активисттерге жетеби?