Баткенде жарылуудан чек арачы жоокер жаракат алды

Кыргызстандык чек арачы жоокерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын аскери белгисиз жардыргыч заттын жарылуусунан улам жаракат алды. Жардыргыч зат 25-февралда Баткендеги №2021 аскер бөлүгүндө автоунааларды кароо учурунда жарылган.

Жараат алган 19 жаштагы жоокер Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы орточо оор.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя боюнча бардык тийиштүү жетекчилерге маалымат берилди. Иликтөө иштери башталды.

21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алганын Чек ара кызматы кабарлаган. Октон жаракат алган жоокер ооруканада өзүнө келбей каза болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Италияда мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, 30 киши каза болдуФранцияда ири аскердик машыгуу башталдыЛыжа байлап бутуна, жаштарга шык берген Базаркан эжейУкраина: Кытайдын "тынчтык планы" кандай максатты көздөйт? "Сени 200 долларга сатып алгам". Кулчулукка кабылганын айткан өзбек жарандары