Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Италияда мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, 30 киши каза болду


Италияга кеме менен сапар тарткан мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Италияга кеме менен сапар тарткан мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Италиянын Калабрия аймагынын чыгыш жээгинде мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, кеминде 30 адам каза болгонун ANSA жана башка маалымат агенттиктери жазды.

“Андкронос” маалымат агенттиги мигранттарды ташып келе жаткан кемеде 100дөн ашык киши болгонун, андагы 50дөй киши куткарылганын кабарлады.

Иран, Пакистан жана Ооганстандан мигранттарды ташып келе жаткан кеме деңиздеги катуу бороондон улам аскага урунган.

Италия мыйзамсыз жолдор аркылуу кирген мигранттардын агымын тыюуну көздөйт.

БУУнун маалыматына караганда, Жер ортолук деңизиндеги өтө кооптуу маршруттар менен Италияга жыл сайын он миңдеген мигрант агылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG