Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Францияда ири аскердик машыгуу башталды


Франциянын чопкутталган "AMX-10 RC" жеңил техникасы.
Франциянын чопкутталган "AMX-10 RC" жеңил техникасы.

Франциянын Коргоо министри Себастьян Лекорню акыркы жылдардагы эң ири аскердик машыгуу башталганын жарыялады. Ага 20 миңдей аскер катышат. Orion 23 деп аталган машыгуу абадагы, жердеги жана суудагы салгылашууларды имитациялайт. Андан сырткары машыгууларга кибер чабуулдар жана маалыматтык операциялар сыяктуу жаңы аскердик аспектилер да камтылат.

Эки айга созулган машыгууларга француз армиясынын бардык бөлүктөрү тартылат. Анда Griffon чопкутталган техникасы, Leclerc танктары, абадан коргонуу системалары, кыргын салуучу учактар жана Шарль де Голль учак ташуучу кемеси катышат.

Orion 23 операциясы Франциянын түштүгүндөгү Корсика аралында башталып, кийин Атлантика жээгинде уланат. Министрликтин маалыматына караганда, бул машыгуулар менен Франция “согуш талаасына биринчи болуп чыгып, көп улуттуу коалицияны жетектей аларын” көрсөтүүнү көздөйт.

Буга чейин Франция Украинага "AMX-10" чопкутталган машиналарын жана “Цезарь” артиллериялык системаларын берүүгө даярдыгын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG