Bloomberg: Пригожин "Вагнердин" Украинадагы операцияларын азайтууну көздөп жатат

Евгений Пригожин.

Орусиядагы "Вагнер" жалданма аскерлер уюмунун негиздөөчүсү Евгений Пригожин Украинадагы операцияларын азайтып, кайрадан Африкага көңүл бурууга даярданып жатканын Bloomberg басылмасы булактарына таянуу менен билдирди.

Басылманын маектештери белгилегендей, Пригожинге орусиялык жогорку даражалуу аскер адамдары жана саясатчылар "өсүп келаткан коркунуч" катары карап жатышат.

"Вагнер" жоочуларынын негизги максаты - Украинанын Бахмут шаарын көзөмөлгө алуу болчу. Бирок бир нече ай аракет кылганы менен ал ишке ашкан жок. Мындан улам Пригожин багытын кайра Африкага бурууну көздөп жатканы айтылат.

“Вагнер” компаниясы - бейрасмий аскердик түзүм. Анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып келет. "Вагнерчилер" бир катар аскердик кылмыштарга айыпталган. Айрым өлкөлөр бул компанияны террордук уюм деп тааныган.

Украинада орус армиясы былтыр жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Алардын катарында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары да бар.

Пригожин өзүнүн күчтөрү катуу каршылыкка туш болуп жатканын, украин армиясы шаарга "түгөнгүс резервдерин" жөнөтүп жатканын айтканын 12-мартта Орусиянын ТАСС жаңылыктар агенттиги жазган.

Украин армиясы орус күчтөрү Бахмуттун айланасында "чоң жоготууга" учураганын кабарлады. Маалыматты Орусиянын армиясы ырастай элек.

Дагы караңыз

"Док-1 Максты" чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулдуКулов Март ыңкылабынын себептери, Бакиев менен тандеми тууралуу “Азаттыктын” иши: сот экспертиза жүргүзүү тууралуу өтүнүчтү канааттандырды Бишкек: Гүл базарда кызыган соода Украинада Константиновкага урулган ракеталык соккудан үч аял набыт болду