"Чакан ГЭСтин" жетекчилеринин бири пара алууга шек саналууда

Шектүүнү кармоо учуру. Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) “Чакан ГЭС” Ачык акционердик коомунун жетекчилеринин бири пара менен кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, ишкананын жооптуу адамдары курулуш иштери боюнча тендерлерди өткөрүүдө аткарылган иштердин сапатына зыян келгенине карабай алдын ала пара («откат») алып келишкен. Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 150 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен А.М. атуу жетекчилердин бири кармалган.

"Тергөө тарабынан “Чакан ГЭС” ишканасынын жетекчиси жеке ишкерлерден системалуу түрдө түзүлгөн келишимдин суммасынан 10% өлчөмүндө акча каражатын пара («откат») түрүндө талап кылганы, эгерде андан баш тартса, жеке компаниялар тарабынан аткарылган иштер үчүн акча каражатын төлөөнү кечеңдетүү менен коркутканы аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Жакында "Чакан ГЭС" ишканасы Орто-Токой чакан ГЭСин куруу боюнча кытай компаниясы менен келишим түзгөн. Энергетика министрлиги жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк бере турганын билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Украин аскерлери Бахмутка жасалган 28 соккунун мизин кайтардыОштогу киши өлтүрүүгө байланыштуу тогузунчу шектүү кармалдыКазакстанда 20 жыл документсиз жүргөн аял Кыргызстанга кайтарылдыОшто ууланган окуучулардын абалы канааттандырарлык экени белгилүү болду