Аба ырайы: жамгыр жаайт

Кыргызгидромет агенттиги билдиргендей, 8-9-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы сакталып турат.

8-апрелде күндүз Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт.

Күндүз Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20...25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2 градус болот.

Бишкек шаарында мезгил мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 19…21° жылуу болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Журналисттер Украинада дээрлик 20 миңдей орус аскери өлгөнүн аныктадыЖеңилдетилген насыя 1,5 миң дыйканга берилдиДепутат Токтошев дыйкан-фермерлерге насыя кечигип берилип жатканын айттыБаткенде кызмат адамдары аткарылган ишти ашыкча баалаган деп шектелүүдөОрусияда журналист Аркадий Бабченко “чет элдик тыңчы” деп табылды