УКМК Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш, жарандык иштер жоголгонун билдирди

Ысык-Көл райондук соту.

Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш, жарандык иштердин жоголуу фактысына байланыштуу Жазык кодексинин 348-беренесине ылайык (Шалаакылык) тергөөгө чейинки текшерүү башталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 13-апрелде кабарлады.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча райондук соттун жооптуу кызматкерлеринин аракеттери текшерилип жатат.

"Тергөөнүн маалыматы боюнча, айрым резонанстуу кылмыш иштерин жана мүлк иштерине байланыштуу мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, материалдык пайда алуу максатында документтер жоголгон. Учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылган атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Ысык-Көл райондук соту, Жогорку сот УКМКнын маалыматы жана кылмыш иштеринин жоголушу тууралуу комментарий бере элек. (BCh)

Дагы караңыз

Иранда былтыр өлүм жазасына тартылгандар кескин көбөйдүБыйыл айыл чарбасына 10 миллиард сомдой насыя бөлүнөт"Чалбасы кыргыздары. Эсимде" даректүү тасмасынын бет ачары өтөт"Баары кымбат, сүт арзан". Таластагы нааразылык