Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

16-апрелге караган түнү Бишкек шаарындагы Жумабек көчөсүндө көп кабаттуу үйдөн өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрт турак үйдүн электр жабдыктарынан чыгып, подъезддин ичин түтүн каптаган. Үйдө жашаган 100 адам эвакуацияланган.

Түнкү саат 12:07де чектөөгө алынып, саат 12:48де толук өчүрүлгөн. Министрлик өрттүн чыгышына электр шаймандарын колдонууда эреже бузулганы себеп болгонун белгиледи.

31-мартка караган түнү Бишкектеги "Алькони" заводунан өрт чыгып, болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнерге зыян келтирилген эмес.

30-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" соода борборунда да өрт чыгып өчүрүлгөн.

24-март күнү Боом капчыгайындагы талаада өрт чыгып, болжолдуу түрдө 50 гектар аянтты каптаган. (TAb)

Дагы караңыз

Быйыл Кадыр түн 18-апрелге караган түнү белгиленетАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтУкраина: Николаевдеги аткылоо эки адамдын өмүрүн алдыЕвгения Судец өзү тууралуу талкууларга пикирин билдирди