2-майдын аба ырайы

Бишкек шаары.

2-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы, Ош облусунун тоо этектеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;

Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 16…21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...-6.

Бишкекте түнкүсүн ала булут, каптап турат, жаан жаашы мүмкүн. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетиши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Дагы караңыз

Ошто кармалган бажычылардын арасында депутат Нарматованын уулу бар экени кабарландыПрезидент Жапаров Эмгек майрамы менен куттуктадыУкраинадагы согушка каршы чыккан актер Орусиядан чыгып кетти Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергенин билдирди