УКМК “Унаанын” Таластагы бөлүмүндө жемкорлук аныкталганын маалымдады

Шектүүлөрдү кармоо учуру. УКМК жарыялаган сүрөт

Улуттук коопсуздук боюнча комитет (УКМК) 11-майда Айтматов районунда "Унаа" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жемкорлукка шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Талас аймактык бөлүмүнүн Манас, Кара-Буура секторунун мурдагы башчысы жана адиси жарандарга жол эрежелери боюнча компьютердик тестирлөөнүн суроолоруна туура жооп берүүгө көмөк көрсөткөнү айтылат.

Фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. "Унаа" атайын кызматтын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Өлкөдө “Унаа” мекемесинин кызматкерлери мурда да пара менен кармалган. Коррупциялык иштерге байланыштуу мекеменин жетекчилери иштен алынып, айрымдары соттолгон.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы Фейсбуктагы баракчасында өлкөдө айдоочулук күбөлүк берүүдөгү коррупциялык схемаларды жоюуга өзгөчө көңүл бурарын жана “Унаа” мамлекеттик ишканасынын иштөө ыкмасы оңолуп, жөнгө салынганча жеке көзөмөлүндө болорун жазган. (MKt)

Дагы караңыз

Орунбеков Жетим-Тоо кенин мамлекет иштете турганын билдирди "Украинага кеткенин кеч билдик". Абактан ажалга айдалган Чыңгыз Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору түзүлөт