Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Орунбеков Жетим-Тоо кенин мамлекет иштете турганын билдирди


Жетим-Тоо кени жайгашкан жер. Иллюстрациялык сүрөт.
Жетим-Тоо кени жайгашкан жер. Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков 10-майда Жетим-Тоо кени боюнча түшүндүрмө берип, аны мамлекет 100% өзү иштетерин маалымдады.

Орунбеков бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, соцтармактарда жарыяланып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин билдирди.

"Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат. Бүтсө, казуу иштери башталат", - деп жазды ал.


Дайырбек Орунбеков жалган маалыматтар менен элди козутуп, чагымчылдык кылгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Социалдык тармактара "Бийлик Кытайга карыздын ордуна Жетим-Тоону соодалап, тагдырын чечип коюптур” деген маалымат тарап, талаш-талкуу жаратууда.

Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өзү иштете турганын, башкаларга үлүш берилбестигин былтыр президент Садыр Жапаров да Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген.

Бийлик аталган темир кенин иштетүү менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет.

Жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзүп, аны казууга каршылык билдирип келатышат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG