Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Бишкекте Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору түзүлөт


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (оңдо) жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин. Бишкек. 11-май, 2023
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров (оңдо) жана ШКУнун башкы катчысы Чжан Мин. Бишкек. 11-май, 2023

Борборду түзүү маселесин талкуулоо үчүн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ)мүчө мамлекеттердин мекемелер аралык делегацияларынын кеңешмелери болот.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-майда Бишкекте ШКУнун башкы катчысы Чжан Минди кабыл алган кезде билдирди.

Анда аталган Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борбору ШКУнун сунуштарын ишке ашыруу алкагында аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, терроризм, экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана транс чек аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү максатын көздөй турганы айтылды.

Тараптар “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууну талкуулашты.

Чжан Мин уюмдун катчылыгы ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын чечимдерин ишке ашырууга көмөктөшүү аракеттерин уланта бере тургандыгына ишендирди.

ШКУну 2001-жылы Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген. 2017-жылды Индия менен Пакистан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулган.

Иранды кошуп эсептегенде азыр ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти.

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG