Ленин округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тартты

Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого эки талапкер катышуудан баш тартканын 15-майда билдирди. Алар – Асылбек Кадралиев менен Азамат Медеров.

Ошентип 28-майга белгиленген шайлоодо ат салыша тургандардын саны 30га түштү. Алардын бешөө – аялдар.

10-майда БШК №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси көзөмөл иретинде такталганын, ага ылайык, 124 миң 671 шайлоочу добуш бере аларын жарыялаган.

Бул аймактан шайланган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташканы тууралуу маалымат тарагандан кийин мандатын тапшырган. Боршайком жаңы шайлоо жарыялап, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен жараян 28-майга белгиленген.

Кайрадан шайлоо өткөрүү үчүн сарптала турган каражат 18 млн. сом деп бекитилген.

Дагы караңыз

Украина Бахмутта ондон ашык позицияны кайтарып алганын кабарлады“Бир дүйнө Кыргызстан” уюму Конституциялык сотко кайрылдыКаржы пирамидасын жарнама кылгандарга жаза күчөтүлдүТажикстанда жети жумушчу канализациялык люкта ууланып каза болду