Аба ырайы: айрым жерлерде сел жүрүшү мүмкүн

Чүй облусу. Кашка-Суу.

18-20-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

18-майга караган түнү Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун айрым жерлеринде, жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 10…15, күндүз 18…23;

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 18…23;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 20…25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Акыйкатчы кызматына Жамиля Жаманбаева шайландыӨзбекстанда мигранттар менен бийлеген кыздарды сындаган имам иштен алындыАкыйкатчыны шайлоо: Кубатова талапкерликтен баш тарттыБишкек мэриясы таштанды төгүүчү жайдагы өрт өчүрүлгөнүн билдирди