Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Бишкек мэриясы таштанды төгүүчү жайдагы өрт өчүрүлгөнүн билдирди


Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жай.
Бишкектин түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жай.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы шаардын түндүк тарабындагы таштанды төгүүчү жайдагы өрт толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады.

Калаа бийлиги таштанды полигонунун аймагын ирээтке келтирүү жана айланасына тосмо куруу иштери уланып жатканын билдирди.

Бишкектеги таштанды төгүүчү жай 1978-жылдан бери колдонулуп жатат жана убагында 400 миң кишиге эсептелген. Азыр борбордо миллиондон ашык киши жашайт.

Полигондогу таштанды күйүп, шаарды кышы-жайы дебей түтүн каптап жатканына нааразылыктар тынбай айтылып келет.

Маселени чечүү үчүн Кыргызстан 2018-жылы Европа Биримдиги менен Европа банкынан 22 миллион евролук насыя жана грант алып, таштанды жайын көмүү, жаңысын ишке киргизүү иштери жасаларын жана акыр-чикирди ылгоочу завод курулары айтылган. Бирок долбоор дагы деле бүтө элек.

Бул боюнча “Азаттыктын” атайын иликтөөсү да чыккан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG