Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Өзбекстанда мигранттар менен бийлеген кыздарды сындаган имам иштен алынды


Шукрулло Эгамбердиев
Шукрулло Эгамбердиев

Өзбекстандын Фергана облусундагы Ташлак районунун башкы имамы Шукрулло Эгамбердиев кызматтан алынды. Анын чет элге миграцияга кеткен жарандарды жана бүтүрүү кечелеринде бийлеген кыздарды сындаган сөздөрү социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып, нааразы пикирлерди жараткан.

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, аны жумуштан бошотуу чечими Ички көзөмөл комиссиясынын 16-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Эгамбердиевдин чет өлкөдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарын сындаган видеосу өткөн аптада тараган. Ал чет өлкөгө иштегени кеткендерди сындап, мекенде иштеп да акча тапса болорун билдирген. Ал мектепте билим алуу зарылдыгын, илимге көңүл бурулбаса, жарандар башкаларга кул болорун белгилеген.

Дагы бир видеосунда Эгамбердиев бүтүрүү кечесинде вальс бийлеген кыздарды сындап, ал кыздар "чоңойгонго күйөөсүнүн көзүнө чөп салбайбы" деп сүйлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG