Орусия 1-майдан бери Киевге 11-жолу чабуул жасады

Орусия ушул айда 11-жолу Киевге чабуул жасады, алдын ала маалыматтарга караганда анда "Шахед" дрону колдонулду. Украин бийлиги бардык учкучсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, жабыркагандар жок экенин кабарлады.

Атып түшүрүлгөн дрондордун саны такталууда. Украинанын бир катар райондорунда дрондордун сыныктарынан улам материалдык зыян тарткан учурлар катталды.

Көп кабаттуу үйдүн чатырынан өрт чыккан, техникалык имарат, автоунаалар жана жолдор бузулган.

Ушул түнү Киев жана Чернигов облустарында дагы аба коркунучу тууралуу эскертүү жарыяланды. Жергиликтүү бийликтин айтымында, Орусия негизги объектилерге сокку урууга, Украинанын абадан коргонуу ресурстарын түгөтүүгө жана тургундарды “терең психологиялык стрессте” кармоого аракет кылууда.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага бастырып кирген. БУУнун маалыматына караганда, май айынын ортосуна карата аскерий аракеттерден улам 8836 жайкын тургун каза болуп, 14 985и жараат алды. Бул маалыматтар толук эмес болушу ыктымал.

Дагы караңыз

Талас: Жемкорлукка шек саналган төрт киши 29-майга чейин камалды Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Калашникова эки айга камалдыБатыш тогуз товарды Кыргызстан аркылуу Орусияга өткөрбөөгө чакырдыОрусия Путинди камакка алууга ордер берген прокурорду издөө салынгандардын тизмесине кошту