Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Орусия Путинди камакка алууга ордер берген прокурорду издөө салынгандардын тизмесине кошту


Карим Хан.
Карим Хан.

Орусиянын Ички иштер министрлиги Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) прокурору Карим Ахмад Ханды издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизди. Бул тууралуу ИИМдин издөө базасына шилтеме берүү менен "Медиазона" басылмасы билдирди.

Прокурордун аты-жөнү сүрөтү менен базага киргизилип, ал Кылмыш кодексинин негизинде изделип жатканы көрсөтүлгөн. Бирок кайсы берене экени жазылган эмес.

Мартта Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар омбудсмени Мария Львова-Белованы камоого ордер чыгарган. Алар украин балдарын Орусияга мыйзамсыз депортациялоого шектелүүдө. Орус бийлиги айыптоону чекте каккан жана прокурорго, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгогон.

АКШ жана Евробиримдиктин көпчүлүк өлкөлөрү Эл аралык кылмыш сотунун чечимин колдогон.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Эл аралык кылмыш (Гаага) сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG