Кыргыз-тажик чек ара аймагында дрон учурбоо макулдашылды

Баткен башчысы Абдикарим Алимбаев жана Согд башчысы Ражоббой Ахмадзода.

Бүгүн 24-майда кыргыз-тажик чек арасында Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаевдин коңшу Тажикстандын Согд облусунун жетекчиси Ражоббой Ахмадзода менен жолугушуусу өттү. Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

"Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провокациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлдү. Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды. Чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө тууралуу да сөз болду", - деп айтылды маалыматта.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет. (JsA)

Дагы караңыз

Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шек саналып кармалдыКытай - Борбор Азия: 50 млрд. доллардын канчасы Бишкекке тийди? Депутат Токторбаевдин малдан салык алуу сунушу коомдук талкууга коюлдуМолдова Европага ыктап, Орусиядан оолактайбы?