Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:17

Депутат Токторбаевдин малдан салык алуу сунушу коомдук талкууга коюлду


Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин мал-жандыктан салык алууга байланыштуу мыйзам долбоору 22-майда коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, жеке менчигинде 40 кой-эчкиси, үч уй, эки жылкысы барлар салык төлөөчү деп саналат.

"Мыйзам долбооруна ылайык, салык төлөөчү айыл чарба жаныбарларына салыкты жылына бир жолу төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө төлөйт: койлорго жана эчкилерге – 100 сом, бодо малга – 250 сом, жылкыларга – 250 сом. Айыл чарба жаныбарларына салык төлөгөн адам жайыттарды пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөн бошотулат", - деп жазылган долбоордун негиздемесинде.

Чогулган салык жергиликтүү бюджетке түшөт. Мындан сырткары, жер салыгына байланыштуу мыйзам долбоору дагы коомдук талкууга чыкты.

Токторбаев былтыр ноябрда айыл-кыштактарды дотациядан чыгарууга байланыштуу бир катар сунуштарын жарыялап, анын бир чарасы катары мал-жандыктан салык алуу керектигин билдирген.

Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80% дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланып келет.

Улуттук статистика комитетинин соңку маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашуун бодо мал катталган. Майда жандык 6 миллиондон ашкан, жылкынын саны 534 миңге жакын.

Өлкөнүн ички дүң өнүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 15% жакын. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG