Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

"Акнеттин" интернет байланышы үзгүлтүккө учуроодо


«Акнет» компаниясынын интернет байланышы бүгүн 23-майда үзгүлтүккө учурап жатат. Болжол менен таңкы саат алтыдан бери компаниянын абоненттери интернеттеги айрым сайттар ачылбай, байланыш жакшы болбой жатканын айтууда.

Мындай техникалык мүчүлүштүктүн себеби Казакстанда жайгашкан башкы провайдердин ишиндеги техникалык көйгөйгө байланыштуу болуп жатканын «Азаттыкка» «Акнеттин» call-борборунан билдиришти:

“Бизден жогору турган провайдердин ишинде маселе жаралып жатат. Ошондуктан мындай маселе дээрлик бардык провайдерлерде байкалууда. Биздин жогорку провайдер Казакстанда, «Акнет» интернетти Казакстандан алат. Маселе эмнеде экени белгисиз. Көйгөй бүгүн чечилет деп жатабыз, бирок канча сааттан кийин азырынча айта албайбыз».

«Акнет» Кыргызстандагы ири интернет-провайдерлердин бири. Анын ишинде техникалык үзгүлтүккө учуроо буга чейин да катталып келген, соңкусу быйыл 1-мартта болгон. Компания 1998-жылы негизделген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG