Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

Өкмөт үмүт арткан "Кыргызтранснефтегаздын" жетекчиси кармалды


"Кыргызтранснефтегаз" ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев. УКМК тараткан сүрөт
"Кыргызтранснефтегаз" ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев. УКМК тараткан сүрөт

Былтыр түзүлгөн "Кыргызтранснефтегаз" ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды. Ал жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылганын УКМК билдирди. Бул коррупцияга шектелип кармалган мамлекеттик ишканадагы биринчи жетекчи эмес.

19-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жаңы түзүлгөн ишканадан 2,5 миллион сом талап кылган мамлекеттик ишкананын жетекчиси кармалганын жарыялаган. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары кармалган киши “Кыргызтранснефтегаз” ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев экенин жазып чыгышты.

"Мунай чыгарган компаниядан 2,5 млн. сом талап кылган"

УКМК ал мунай өндүргөн компаниянын 20% үлүшүн жана 2,5 миллион сом талап кылганын билдирди.

“Башкы директор башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүп алып, мунай өндүрүүчү компаниянын 20% үлүшүн пара катары алып, аффилирленген номинациялардын үлүшүн каттап, андан кийин дагы 2,5 миллион сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 1 млн. сом пара алып жаткан учурда Б.А.Т., ошондой эле кылмыш иши боюнча экинчи соттолуучу Б.А.Н. пара менен кармалды”.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бейшеналиевдин бөгөт чарасын 19-майда карап, 16-июлга чейин тергөө абагында кармоо чечимин чыгарган.

Алишер Бейшеналиев бул мамлекеттик ишкананы ачылгандан бери башкарып келген. Апрелде жетекчинин орун басары болуп дайындалып, анын ордуна Сүйүнтбек Аликеев жетекчи болгон. Май айында ал кайра ишкананын башчылыгына келген.

Ишкананын ачылганына бир жыл толо элек

Сөз болгон “Кыргызтранснефтегаз” ишканасы былтыр 7-июнда газ, мунай жана мунайзаттарын кайра иштетүү, сактоо жана ташуу боюнча улуттук оператор катары түзүлгөн. Ага Кадамжайдагы "Түндүк Сох" жана "Чонгара-Галча" мунай, газ кендери, газ сактоочу жай жана газ техникалык курулмалары кирип, мекеме жалпы үч филиалдан турат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы ишкана газды транзит менен алып өтүү үчүн ачылганын былтыр июлда төмөнкүдөй түшүндүргөн:

"Биз "Түндүк Сохтогу" газ сактоо кампасын өзүбүзгө кайтарып алдык. Аны биргеликте иштетүү боюнча Өзбекстан тараптан сунуш болуп жатат. Өзбек кесиптештерден "силер жактан ошону кайсы компания иштете алат" деген маселе түштү. Анан ошону иштетүү үчүн "Кыргызтранснефтегаз" деген компанияны түздүк. Себеби өткөндө биз Түркмөнстандан жаратылыш газын алууну караштырууда бир топ маселелер болду. Анткени биз өзүбүздүн газ түтүктөр менен газ куурларынын бардыгын "Газпромго" берип коюптурбуз. Ошондуктан башка жактан газды транзит менен алып өтүүнү камсыздоо үчүн ушул компанияны түзүү керек болду. Ошондуктан биздин компания жаратылыш газын транзит менен алып келип, аталган газ сактоочу кампада чогултуп, топтоп алганга мүмкүнчүлүгү болот. Экинчиден, өкмөт муну менен биздин экономикага реалдуу жардам бергенге шарт түзүлөт".

Улуттук ишкананын ачылганына жыл айланбай, жетекчиси коррупцияга шектелип кармалып отурат. Мекемеге жооптуу болгон Энергетика министрлиги жетекчинин кармалышы тууралуу комментарий бере элек. Ал эми “Кыргызтранснефтегаздын” ачылгандан берки ишмердиги тууралуу маалыматтар “жашыруун” экенин негиз кылып, ачык жарыялоодон баш тартты.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, “Кыргызтранснефтегаз” ишканасынын аты Баткен облусунун Бүргөндү массивиндеги газ кампаны Өзбекстан менен биргелешип иштетүү боюнча маселеде кездештирүүгө болот. Анда эки өлкөнүн мекемелер аралык жумушчу топтору 10-апрелде Кадамжай районунда жолугушканы, "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасынын директору Сүйүнтбек Аликеев катышканы айтылган. Мекеменин жалпы ишмердиги боюнча башка маалыматтар жана расмий сайты табылган жок.

Жогорку Кеңештеги Отун-энергетика, жер казынасын пайдалануу комитетинин депутаты Алишер Козуев мындай көрүнүштөр бир гана энергетика эмес, бардык эле тармактарда байкаларын белгиледи.

“Бул өтө уят иш болду. Бир жыл мурда чоң ишеним менен ачылган ишкана болчу. Азыр бир эле ал тармак эмес, бардык сферага катуу көзөмөл болуп жатат. Мамлекетте буга чейинки жетекчилер коррупцияны жайылтып, тамырлашып кеткен экен. Азыр аны токтотуу кыйын болуп жатат”.

Кыргызстанды газ менен камсыз кылууну 2013-жылдан бери орусиялык “Газпром” ишканасы колго алган. Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2013-жылы түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына толугу менен газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубль жумшоону убада кылган. Бирок "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы аткарылбай жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет. Өкмөт "Газпром" менен келишимди үзүү ниети жоктугун билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Анын негизги бөлүгүн кыргызстандык мунай ташуучулар Орусиянын заводдорунан ташып келет.

Мамлекет жакшы менеджер боло албайбы?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет 18-майда "Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ишканасынын жетекчиси Елена Калашникова коррупцияга айыпталып кармалганын билдирген. Анда былтыр мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн 1 миллиард сомдун 608 миллион сому бир катар долбоорлорду ишке ашырууда өздөштүрүлгөнү, бирок, мисалы, 105 миллион сом которулган 21 эс алуу бекетинин (rest point) бири да пайдаланууга бериле электиги, алардын жалпы баасы 13 миллион сомго көп көрсөтүлгөнү, мындан башка да шектүү жагдайлар бар экени айтылган.

17-майда "Кыргызнефтегаз" ишканасынын мурдагы жетекчиси Рашит Бостонов да коррупцияга шектелип кармалган. Ал күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема түзгөн деп айыпталган. Кийин аталган фирмалар жоюлуп, 400 миллион сомдон ашык салык төлөнбөй калганы айтылган.

Буга чейин коррупцияга айыпталгандардын дагы бири өкмөттүн ири долбоору аталган "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинин мурдагы жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк болгон. Башкы прокуратуранын апрелдеги маалыматына ылайык, тергөөдө мамлекеттик казынага жалпы 1 млрд. 146 млн. сом зыян келтирилгени аныкталып, анын 80% өндүрүлгөн. Мындан кийин Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү менен 30-апрелде үй камагына чыкты.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров өкмөт түзгөн ишканалардын тегерегиндеги мындай окуялар "мамлекет жаман менеджер экенин көрсөтүп турат" дейт.

"Акыркы бир жылдагы окуялар ошол сөздү тастыктап жатат. Бул сөз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде чыккан. Мисалга АКШны алсак, ал жакта мамлекетке жолдон башка эч нерсе карабайт. Жада калса, аскердик техникаларды да мамлекет буйрутма берип, жеке компаниялардан жасатат. Совет учурунда баарын мамлекет жасачу, бирок ал режим кийин кулап калды. Албетте, булар радикалдуу салыштыруу. Чындап келгенде, мамлекеттик ишканалар болушунча аз болушу керек. Мунун эрежеси жөнөкөй. Жеке менчиктин ээси болот. Ал ишкердигин болушунча коргоп, ээ чыгат. Ал эми мамлекеттик ишканада туруктуу кожоюну болбойт. Өкмөт алмашкан сайын өзгөрүү болуп жүрүп, план, инвестиция дегендер толук иштебейт".

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев өкмөт бардык эле тармактарга кирүүгө кызыкдар эмес экенин, учурда монополиялашкан тармактарда гана мамлекеттин өкүлчүлүгү бар экенин апрелде "Азаттыкка" билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG