Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Тергөө укугу: Эки тизгин, бир чылбыр УКМКга берилеби?


 Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын имараты. Бишкек шаары.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын имараты. Бишкек шаары.

Президенттик администрациянын Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу сунушталган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлуп, кызуу талкуу жаратты.

Анда тергөө укугун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен Ички иштер министрлигине (ИИМ) берүү маселеси камтылган.

Демилгечилер долбоор "прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөйт" деп түшүндүрүп жатышат. Коомдо мыйзам долбоорунда УКМКга көп укук берилгенин айткандар бар.

Айрым юристтер бир дагы күч органына баш ийбеген Тергөө комитетин түзүүнү сунуштоодо.

Президенттик администрациянын түшүндүрмөсү

Президенттик администрация Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүүнүн максатын прокуратурадагы тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу аракети деп түшүндүрүүдө.

"Прокуратура органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөрдүн жана кызыкчылыктардын кагылышын алдын алуу, прокуратура органдарынын тергөө жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарын алып салуу жолу менен укук коргоо органдарынын системасында тең салмактуулук принцибин камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. Прокуратуранын тергөө жүргүзүү функцияларын жоюу жана аларды ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү сунушталууда", - деп жазылган коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.

Ошол эле кездеаскер кызматкерлери тарабынан жасалган кылмыш-жаза иштерин тергөө укугу мурдагыдай эле прокуратурада калган.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова сунушталган мыйзам долбоорунда негизги укук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) берилип калган деп эсептейт.

"Прокуратурада мурда көзөмөл да бар эле. Кайсы бир ишке шек саналган адамдардын бөгөт чарасын аныктоого да кирише алчу. Азыр андай эмес. Прокуратура өтө алсыз болуп калды. Тергөө иштерине көзөмөл да кыла албай калды. Муну азыр Кемпир-Абад иши боюнча жүрүп жаткан тергөөдөн улам билип жатабыз. Бөгөт чарасын кароо сотторго өткөнү менен, көрүп атасыңар, соттор катчылык кызматты гана аткарып отурушат. Азыр эки тизгин бир чылбыр УКМКга тийди. Коопсуздук кызматы түздөн-түз өзүнүн ишин - ички, тышкы чалгынды, өлкөнүн коопсуздугун эле эмес, тергөөнү да ээлеп, милиция, прокуратура, сот - бүт баарынын үстүнөн көзөмөл кылып калды. Бул укуктук жактан алганда өтө кооптуу көрүнүш", - деди ал.

Башкы прокуратурага тергөө функциясы эки жыл мурун, 2021-жылы берилген. Ошол убакта да тергөөнүн прокуратурага берилишин сындагандар болгон. Алар прокуратура көзөмөл кылуучу орган болуп туруп, өзү тергеп, кайра эле сотто өзү айыптоочу болгону туура эмес экенин айтып чыгышкан.

"Өзү кылмыш ишин козгойт, сотто кайра өзү айыптайт"

Кыргызстандагы "Адвокаттар ассоциациясы" президенттик администрациянын Башкы прокуратурадан тергөө укугун алуу демилгесин колдоду. Аталган асооциациянын мүчөсү, юрист Эркин Саданбеков "Азаттыкка" мындай ою менен бөлүштү:

"Прокуратура — бул мыйзамдуулуктун сакталышын, камсыздалышын көзөмөл кылуучу мамлекеттик орган. Кылмыштуулук, коррупция, мамлекеттин, жарандардын, уюмдардын, жалпы эле коомчулуктун укугун, кызыкчылыгын коргоодогу мыйзамдардын сакталышына көзөмөл кылат. Негизги иши - ушул.
Аларга түрдүү кылмыштарды тергөө амалдарын берүү - башынан эле кызыкчылыктардын кагылышуусун жараткан. Бул- прокуратура өзү кылмыш ишин козгойт, иликтейт, тергейт жана сотто өзү айыптайт дегендик. Ошондуктан, алардан тергөө функциясын алып, мурдагы калыбына келтирген туура деп эсептейбиз", - деди Эркин Саданбеков.

Ошол эле кезде Адвокаттар ассоциациясы күч органдарынан көз карандысыз тергөө башкармалыгын түзүү керек деген көз карашта:

Эркин Саданбеков
Эркин Саданбеков

"Бизге эч бир күч органына баш ийбеген, "бирдиктүү терезе" принциби менен иштеген тергөө органы зарыл. Бул мезгилдин талабы. Баарыбызга белгилүү, бүгүнкү күнү тергөө - милиция менен атайын кызматкерлердин "чөнтөк" бөлүмү болуп калды. Тергөө комитети түзүлсө, күч органдарындагы коррупцияга да бөгөт коюлмак", - дейт Эркин Саданбеков.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Башкы прокуратураны тергөөдөн такыр алыстатуу туура эмес деп эсептейт.


"Прокуратурага кызматтан бошотуу, тергөөнү бир органдан алып, башка органга берүү укугун, тергелген кылмыш иштерин текшерип, чечкиндүү жыйынтык бере турган укук калтырышыбыз керек. Мисалы, Башкы прокуратура Саламаттык сактоо министрлигине карата жети кылмыш ишин козгогон. Бирок Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү аны кыскартып салды. Ушул сыяктуу маселелер эми улана берет".

"Мамлекет башчынын чечимине ылайык болот"

Президенттик администрациянын сунушуна Башкы прокуратура расмий пикирин билдире элек. Башкы прокурор Курманкул Зулушев 11-апрелде Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана Укук тартиби боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанарбек Акаевдин бул тууралуу суроосуна төмөнкүчө жооп берген.

Курманкул Зулушев
Курманкул Зулушев

"Башкы прокуратурадан тергөөнү алып, эки укук коргоо органына бөлүп берүү же өзүнчө тергөө органын түзүү боюнча демилгелер айтылып жатат. Биз реформага муктажбыз. Ал боюнча мамлекет башчы кандай чечим кабыл алынат, ошого жараша аракеттер жасалат. Азырынча, так маалымат бере албайм".

2019-жылы сот-укук реформасынын алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жаңыланган. Анын алкагында Башкы прокуратурадан тергөө жүргүзүү функциясы алынган.

2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин келген бийлик ал кодекстерге өзгөртүү киргизип, 2021-жылы Башкы прокуратурада атайын тергөө башкармалыгы кайра түзүлгөн.

Ушул тапта Кыргызстанда Ички иштер министрлигинде, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте жана Башкы прокуратурада тергөө жүргүзүү укугу бар.

Кыргызстандын прокуратурасы жөнүндө 2021-жылдагы мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун чыңдалышын, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуучу мамлекеттик орган болуп саналат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG