Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:09

Президент Жапаров Москвада Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Орусия баш калаасы Москва шаарында II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анын айтымында, Жапаров 24-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” аталган Евразиялык экономикалык форумдун пленардык жыйынына катышат.

25-майда Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары жолугат.

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерге кол коюу пландалган”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Евразия экономикалык форуму алгачкы жолу 2022-жылдын май айында Бишкек шаарында өткөн. Келишимдерге ылайык, мүчө мамлекеттер ЕАЭБге төрагалык кылуу милдетин алфавит тартибинде бир жыл аткарышат.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG