Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:48

Миң-Куштагы уран калдыктарын рекультивациялоо боюнча жыйын өтөт


Жумгалдын Миң-Куш айылындагы уран калдыктарын рекультивациялоого жергиликтүү тургундар каршы болууда. Бул маселеге чекит коюу үчүн өкмөт тийиштүү мамлекеттик органдар менен апта соңунда Миң-Кушта элдик жыйын өткөрүүнү чечти. Бул тууралуу 22-майда Жогорку Кеңештеги жыйында вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Парламенттеги жыйынга министрлер, “Росатомдун” өкүлдөрү, Нарын облусунун, Жумгал районунун жергиликтүү бийлиги жана аймактын активисттери катышкан. Жергиликтүү тургундар уран калдыктары герметикалык унаалар менен эмес ачык ташылып, талаптар жана нормалар сакталбай жатканын айтууда. Алар элдин саламаттыгына доо кетип жатканын эскертип, ташуу ишин токтотууну талап кылды.

“Ушунча жылдан бери уран калдыгы жатат, мындан кийин да зыяны жок болсо жата берсин деп жатат эл. Балдардын мурдунан кан токтобой, ден соолугубуз жабыркап жатканын биз өз денебиз менен сезип жатабыз”, - деди активист Райнура Алыкулова.

Активисттер жолдордо чаң ызгып, жумушчуларга атайын кийим берилбегенин кошумчалады.

Бул айтылган дооматтарга “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын өкүлү Сергей Дерябин жооп берип, эгер жергиликтүүлөр рекультивация ишине каршы болсо, анда долбоорду токтотушарын, чечим элдин өзүндө экенин белгиледи.

“Биз биринчи кезекте аймактагы радиоактивдүү, техногендик кырдаалды жөнгө салуу үчүн төрт мамлекет келишкенбиз. Тажикстанда бул иштер аягына чыкты. Ал жакта эч кандай каршылыктар болгон жок. Эгер сиздер каалабасаңыздар, биз ишти токтотобуз”, - деди Сергей Дерябин.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өнөктөш мамлекеттерден калдыктарды тазалоо үчүн каражат кыйынчылык менен тартылып келингенин эске салды. Ал мындай долбоордон баш тартуу тарыхый чечим болорун белгилеп, анын алдында терең ойлонууга чакырды.

Миң-Куш: эл уран калдыгын козгоодон коркуп турат
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:28 0:00

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган. Алар программанын алкагында өлкөдөгү Кажы-Сай, Туюк-Суу, Миң-Куш жана башка уран калдыктары сакталган жайдан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзүп баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андан ташылган уулуу зат айылды аралап өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG