Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Казакстанга зер буюмдарды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган адам кармалды


Сүрөт УКМКдан алынды.
Сүрөт УКМКдан алынды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Кыргызстандан Казакстанга баалуу металлдарды мыйзамсыз ташыган каналга бөгөт коюлганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, 19-майда "Акжол-автожол" өткөрүү пунктунда жалпы салмагы 25 кг 925 гр күмүштөн жасалган зер буюмдарын уруксат кагазы жок Казакстан тарапка алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалган. Шектүү Казакстандын жараны.

УКМК кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо, төлөнбөй калган салыктын суммасын тактоо иштери жүрүп жатканы кошумчалады.

Аткезчилик менен ири өлчөмдө зер буюм ташып келатканда кармалган учурлар буга чейин катталган. Былтыр жыл соңунда Стамбул - Ош каттамы менен учуп келген Өзбекстандын эки жараны зер буюмдарды аткезчилик менен ташууга айыпталып кармалган. Шектүү 7, 7 млн сомго жакын зер буюмдарды бут кийимдердин таманына катып өтүүгө аракет кылган.

Мунун алдында Ош эл аралык аэропортунда эки килограммга жакын алтын буюмдарды аткезчилик жол менен алып бараткан Өзбекстандын жарандары кармалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG