Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:33

Дары-дармек департаментинин директору пара алууга шек саналып кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинде коррупциялык схема аныкталганын билдирди.

Мекеменин директору "пара алууга шек саналып кармалып, ага "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "опузалап пара талап кылуу" фактылары боюнча кылмыш иши козголду. УКМКнын тергөө абагына камалды.

"А.А.И. мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча алып турган. Атайын тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда коррупциялык схеманын катышуучулары - Департаменттин кызматкерлеринин ортомчулугу менен иш бөлмөсүндө пара алуу фактылары катталган", - деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат дары-дармектер иш жүзүндө лабораториялык изилдөөлөрдөн өтпөгөнүн же иш формалдуу түрдө гана жүргүзүлгөнүн аныктап, бул талапка жооп бербеген медициналык каражаттарды каттоого жол ачканын белгилеген.

Азырынча кармалган жарандын жакындары же адвокаты комментарий бере элек. Саламаттык сактоо министрлиги менен Дары-дармек жана медициналык техника департаменти да маалымат бере элек.

Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 21-ноябрындагы буйругуна ылайык, Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору болуп Айнура Абалиева дайындалган.

Буга чейин атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев парламентте фармацевтикадагы мафия тууралуу депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ага "мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин" айткан.

"Азаттык" радиосу өлкөдөгү күмөндүү дары-дармек, миллиондор айланган бизнес, мамлекеттик мекемедеги коррупция жана кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу "Эл кандай дары-дармек ичип жатат?" деген иликтөөсүн эки жыл мурун жарыялаган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG