ИИМ добуш сатып алууга байланыштуу делген видеону териштирип жатат

ИИМ.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов Ленин округу боюнча өтүп жаткан парламент депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш сатып алууга байланыштуу деген видео текшерилип жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын маалымдашынча, текшерүүнүн жүрүшүндө ошол видео тартылган кафенин ээси, официант жана үч аял сурак берип жатат. Кафеден талапкерлердин биринин үгүт материалдары табылган.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда добуш башталгандан саат 11.00гө чейин алты арыз түшкөнүн кабарлаган. Анда кайрылуулардын үчөө үгүт иштерине байланыштуу болсо, калганы добуш сатуу тууралуу экенин айткан.

№26 бир мандаттуу Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 29 талапкер ат салышып жатат.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Округда шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Дагы караңыз

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталдыЛенин шайлоо округу: 10:00гө карата эки миңдей адам добуш бердиКанн фестивалында “Алтын пальма бутагын” Жюстин Трие алды Орусия Киевге дрон менен жапырт чабуул жасады, бир адам мерт болду Куранды өрттөөгө шектүү Грозныйдагы тергөө абагына жеткирилди