Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:03

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы башталды


Шайлоо тилкеси. Анкара шаары. 28-май, 2023-жыл.
Шайлоо тилкеси. Анкара шаары. 28-май, 2023-жыл.

Жекшембиде өлкө боюнча 190 миңден ашык добушканада дээрлик 61 миллион шайлоочу добуш берет.

Президенттикке учурдагы президент Режеп Тайып Эрдоган жана оппозициячыл блоктун талапкери Кемал Кылычдароглу ат салышууда.

Режеп Тайып Эрдоган Стамбул шаарында, ал эми Кемал Кылычдароглу Анкара шаарында добуш берери күтүлүүдө.

Эрдоган-Кылычдароглунун жарышы Түркиянын тарыхында экинчи айлампага калган алгачкы президенттик шайлоо. Буга чейин өлкө президенттери биринчи айлампада эле белгилүү болуп келген.

Түркиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 28-майда өлкөдө коопсуздукту жана тартипти 600 миңден ашык кызматкер камсыздайт.

20-24-майга чейин 73 өлкөдө ачылган 167 шайлоо тилкесинде 1,9 миллион түркиялык добуш берген. Шайлоонун биринчи айлампасында Эрдоган чет өлкөдө жашаган түркиялыктардын 57,70% добушун алган. Ал эми Кылычдароглуна 39,68% шайлоочу добуш берген.

Кыргызстанда 3 119 түрк жараны расмий катталган. Бишкектеги элчиликте 20-21-майда шайлоо тилкеси ачылып, түркиялыктар добуш беришкен.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 14-майда өткөн. Анда Режеп Тайып Эрдоган шайлоочулардын 49,52%, оппоненти Кемал Кылычдароглу добуштардын 44,88% топтогон.

Биринчи айлампага түркиялык шайлоочулардын 88,92 % катышканы расмий кабарланган. Түркиянын тарыхында шайлоочулар 1987-жылы парламенттик шайлоого жигердүү катышкан. Анда шайлоочулардын 93,38% добуш берген.

Түркиянын шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкер шайлоочулардын 50% көбүнүн добушун алганда гана жеңишке жетти деп эсептелет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG