Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Ленин шайлоо округу: 10:00гө карата эки миңдей адам добуш берди


Президент Садыр Жапаров менен анын жубайы Айгүл Жапарова дагы добуш берди.
Президент Садыр Жапаров менен анын жубайы Айгүл Жапарова дагы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына караганда, саат 10.00гө чейин бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 2007 адам добуш берди жана бул жалпы шайлоочулардын 1,61% түздү.

Президент Садыр Жапаров менен жубайы Айгүл Жапарова бул округдан добуш берди.

БШКнын билдиришинче, жалпысынан 51 добушкана ачылды. Аймакта шайлоочулар тизмесинде 125 миңге жакын адам бар. Добушканадан сырткары 83 адам добуш берди.

29 талапкер ат салышып жатат.

Алардын үчөө, тактап айтканда Равшан Жээнбеков, Илгиз Сарылдык уулу жана Акыл Айтпаев тергөө абагында кармалып турат.

Талапкерлердин арасында Эркин Булекбаев, Максат Кунакунов, Данияр Тербишалиев, Өмүрбек Суваналиев, Дамира Ниязалиева, Турсунбай Бакир уулу, Ажыбек Касмалиев, Акин Токталиев, Руслан Бекназаров өңдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер бар.

Кыргызстанда соңку парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Анда Ленин округунан 14 адам талапкер болууга арыз тапшырган. Натыйжада эң көп добуш алып, депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG