Канаданын курама командасы Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында жеңди. Финляндиянын Тампере шаарында өткөн финалдык оюнда канадалыктар Германиянын курама командасын 5:2 эсебинде утту. Ушуну менен Канада 28-жолу чемпион болду.
Латвиянын курама командасы АКШнын оюнчуларын 4:3 эсебинде жеңип, тарыхта биринчи ирет коло медалга татыды.
Хоккей боюнча дүйнө биринчилиги быйыл Санкт-Петербургда өтмөк, бирок Орусия Украинага согуш ачканына байланыштуу Латвиянын Рига жана Финляндиянын Тампере шаарында уюштурулду.
Орусиянын жана Беларустун курама командалары турнирге катыштырылган жок.
Дагы караңыз
Самаркандда кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документ бекитилдиЗеленский Иранга каршы санкция киргизүүнү сунуштадыУКМК: Баткенде эки чек ара тозоту ачылып, айрым бекеттер жаңыланды