Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Зеленский Иранга каршы санкция киргизүүнү сунуштады


Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Радада сүйлөп жатат. 7-февраль, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Радада сүйлөп жатат. 7-февраль, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Иранга 50 жылга санкция киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу мамлекеттик УНИАН агенттиги жазды.

Парламентке келип түшкөн мыйзам долбооруна ылайык, аскердик техниканын жана кош максатта пайдаланчу товарлардын соодасына толук тыюу салынат. Андан тышкары, Украина Тегеранга болгон экономикалык жана каржылык милдеттенмелерин токтотот. Ошондой эле Иранга технология жеткирүүгө жана инвестиция салууга тыюу салынат.

Буга чейин долдоорду Улуттук коопсуздук кеңеши жактырган, эми парламент карайт.

Экономика министри Юлия Свириденко түшүндүргөндөй, санкция салууга Тегеран Москвага аскердик колдоо көрсөтүшү түрткү болду. Украина Иранды Орусияга курал-жабдык, анын ичинде "Шахид" (камикадзе) деген аталыштагы дрондорун жеткирет деп айыптап келет.

Расмий Тегеран Орусияга согушка чейин бир канча учкучсуз аппарат жеткиргенин билдирген. Буга чейин Зеленский ирандыктарды Орусияны колдоону токтотууга чакырып, болбосо бул Ислам республикасынын изоляциясына алып келерин эскерткен. Ирандын Тышкы иштер министрлиги украин президентинин билдирүүсүн пропагандалык деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG