Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:19

Депутат Акаев: Өлкөдө балдардын 76% бала бакчага барбайт


Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт
Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев тармактык комитеттин жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча баяндама жасап жатып, өлкөдө балдардын 24% гана бала бакчага барарын билдирди. Депутат мунун себебин бала бакчалар жетишпей жатканы менен түшүндүрдү. Ал мыйзам долбоорунда бала бакча ачуунун шартын жеңилдетүүнү сунуштоодо.

“Азыр бала бакча ачам дегенде 14 жерден уруксат документ алып келиш керек. Ишкер документ чогултуп чарчайт. Кошуна Казакстан менен Өзбекстан бала бакча ачам дегендерге лицензияны жокко чыгарды. Бул мыйзамда дагы ошондой. Ким бала бакча ачам десе, өрт жана санитардык кызматынан уруксат алат. Билим берүү министрлиги аркылуу мамлекеттик стандарт сакталат”, - деди Акаев.

Депутаттын маалыматында мектепке чейинки курактагы 150 миңдей бала бар.

“Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жанар Акаев баштаган депутаттар тобу демилгелеп, коомдук талкуудан өткөн. Долбоор жарандык коомдун, билим берүү тармагындагы эксперттердин, Министрлер кабинетинин колдоосу менен иштелип чыккан. Анда бала бакчаларды, жеке мектептерди ачуудагы бюрократиялык көрүнүштөрдү жоюу жана талаптарды жеңилдетүү, мугалимдердин кагаз иштерин азайтуу, билим берүү деңгээлин баалай турган ыкмаларды иштеп чыгуу камтылган.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 1712 бала бакча бар, аларда тарбияланып жаткан бөбөктөр 199 миңдин тегерегинде. Мектептер 2,5 миңге, окуучулар 1,5 миллионго чамалады.

Кыргызстанда, айрыкча борбор калаа Бишкекте жана ири шаарларда бала бакча жетишсиздиги курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Мамлекет жыл сайын жаңы бакчаларды ачууга аракет кылууда, бирок алар маселени толук чече элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG