Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Түркиядагы шайлоо: Эрдоган алдыда баратат


Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" агенттигинин маалыматына ылайык, президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 92% саналып бүттү.

Анкара убактысы менен кечки саат жетиге карай, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,61% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,39% топтоду.

Оппозициячыл "АНКА" агенттиги алдын ала жыйынтыктар боюнча Кылычдароглу алдыда экенин көрсөткөн. Кийин ачылган үкөктөрдүн саны өскөндө Эрдоганга добуш бергендердин саны өскөн.

Мыйзамга ылайык, шайлоо тилкелеринде бюллетендерди саноо түнкү 12ге чейин аяктоого тийиш.

Серепчилер 28-майдагы шайлоону Түркиянын тарыхындагы эң талаштуу шайлоолордун бири деп атап жатышат. Үч ай мурда өлкөнүн түштүк-чыгышында катуу жер титирөө болуп, 50 миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Табигый кырсыктан жабыркагандар аймакты калыбына келтирүүнү талап кылууда.

Түркияда учурда экономикалык таңкыстык да өкүм сүрүүдө. 2021-жылы өлкөдө инфляциянын деңгээли 36% ашса, 2022-жылы 80% жеткен. Тамак-аштын кымбаттыгы жана улуттук валюта - лиранын кунунун түшүшүнөн улам азыркы президенттин тарапкерлери кыйла азайып кеткен.

69 жаштагы Эрдоганды сындагандар эгер ал кайра шайланса, "Түркия автократияга ыктайт" деп кооптонушат.

Кемал Кылычдароглу бийликке келсе, "куугунтуктоолорду токтотуп, демократияны жандандырам” деп убада берген эле.

14-майдагы биринчи айлампага түркиялык 64 миллион шайлоочунун 88,92% катышкан. Бирок сегиз миллионго чукул шайлоочу добушканага барган эмес.

Анда Эрдоган добуштардын 49,52%, Кылычдароглу 44,88% алган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG