Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Президент Жапаров Куралдуу күчтөрдүн күнүнө карата куттуктоо жолдоду


Президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн машыгуусунда. Иллюстрациялык сүрөт
Президент Садыр Жапаров Куралдуу күчтөрдүн машыгуусунда. Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда 29-май - Куралдуу күчтөрдүн күнүнө байланыштуу президент Садыр Жапаров аскерлерди жана ардагерлерди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент куттуктоосунда, Кыргызстан эгемендүү мамлекет катары жана эл аралык алакаларда коргонуу саясатын тынчтык принциптерине негиздеп, бардык мамлекеттер менен мамиле курарын билдирген.

“Өлкө жетекчилиги бул жаатта: аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн татыктуу жашоо-турмушу, социалдык-укуктук жактан корголушун камсыз болушу үчүн бардыгын жасап жатат. Бүгүнкү күндө аскер кызматынын кадыр-баркын көтөрө алдык деп ишенимдүү айта алам. Ага элибиздин армияга болгон сый-урматы барган сайын артып баратканы далил”, - деген президент.

29-май - Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн кесиптик майрамы. Кыргызстан өзүнүн Куралдуу күчтөрүн 1992-жылы түзгөн. Кыргызстанда президент – Куралдуу күчтөрдүн Башкы колбашчысы болуп саналат.

Генералдык штаб - Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүн ыкчам башкаруучу борбордук аскер органы болуп саналат. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн тутумуна Кургактагы аскерлер, Абадан коргоо күчтөрү, Улуттук гвардия кирет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG