Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Украинага бериле турган F-16: Учактын кандай өзгөчөлүгү бар?


Украинага ылайыктап боёлгон F-16. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Твиттердеги аккаунтунан алып кураштырылган сүрөт.
Украинага ылайыктап боёлгон F-16. Украина Куралдуу күчтөрүнүн Твиттердеги аккаунтунан алып кураштырылган сүрөт.

Күзүндө Украина америкалык көп максаттуу F-16 кыйраткыч учактарын алып колдоно баштарын, алар үчүн учкучтар да даярдалып жатканын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел ырастады. Бул согуштун жүрүшүнө кандай таасир этиши мүмкүн? F-16 учагынын орустардыкына салыштырмалуу кандай артыкчылыктары бар? Украин аскерлери кандай кыйынчылыктарга туш келет?

F-16нын кайсы түрлөрү украинага берилиши мүмкүн?

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын F-16 согуш учагын берүүгө макул болгонун “тарыхый учур” десе, Американын президенти Жо Байден бул “Орусия үчүн эбегейсиз коркунуч” болот деди.

General Dynamics F-16 Fighting Falcon — америкалык бир моторлуу, көп максаттуу кыйраткыч согуш учагы. Же бомбалоочу, же кыйраткыч болуп, бир гана милдетти аткара алган эски советтик учактардан F-16 универсалдуулугу менен айырмаланат: ал “аба – аба” дагы, “аба – жер” дагы классындагы ар кандай тапшырмаларды аткарат.

F-16 менен көптөгөн өлкөлөр куралданган: 2023-жылы дүйнө жүзүндө 2200гө жакын кыйраткыч учактар колдонулуп турган.

Жаңы үлгүдөгү F-16.
Жаңы үлгүдөгү F-16.

Акыркы жылдары F-16нын ордун акырындык менен заманбап F-35 ээлеп баратат. Көз карандысыз аскер адиси жана италиялык армиянын мурунку кызматкери Томас Тайнер бул жаңыртуунун натыйжасында “бош калган” учактар азыр Норвегия менен Голландияда көп экендигин белгиледи.

F-16нын ордуна F-35ти тандаган дагы эки өлкө – Бельгия жана Дания бар. Бирок Бельгия азырынча бир дагы жаңы кыйраткыч учакты ала элек, Дания бир нечесин гана алмаштырууга жетишти. 2022-жылдын аягында Норвегия Румынияга 32 даана F-16ны сатууга макулдашты. Тайнердин айтымында, Киев шериктеринен 40-60тай кыйраткыч алышы мүмкүн.

F-16 өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында иштелип чыккан эле. Андан бери бир нече жолу өркүндөтүлдү. Мындай орчундуу өзгөртүүлөрдүн натыйжасында кыймылдаткычтар жаңыртылды, канаттары башкача жасалгаланды. Мисалы, чырактары учкучтар отурган тунук кабинага орнотулду. Ошентип, бул учактын негизги бир нече сериясы пайда болду. Биринчи A/B сериясынын (бир орундуу/кош орундуу варианттын) ордуна 1984-жылы C/D сериясы келди, андан кийин 90-жылдардын аягында E/F сериялары иштелип чыкты.

Ошол эле убакта F-16 “блокторго” бөлүнөт – түзүмдүк өзгөртүүлөрдү талап кылбаган жаңы технологиялардын киргизилишине жараша алардын катар номуру жаңыртылып келди. Ошентип, C/D түрү 25-блоктон, E/F 60-блоктон башталды. Жаңы блоктор чыкканда, учактын радары, электрондук тутуму жана авионикасы жакшыртылды. Азыркы эң заманбап версиясы – Block 70/72.

Украин армиясында колдонулуучу МиГ-29 учагына караганда F-16 душмандын радарынан анча байкалбайт, бирок бул “көрүнбөс учак” эмес. Ал саатына 2500 чакырымга чейин ылдамдыкта учат, 16 – 17 километр бийиктикке көтөрүлүп, 150 километрге чейинки аралыкта буталарды аныктап, ошол эле учурда он объектке көз сала алат.

АКШда F-16 кыйраткычтары эң көп, бирок мунун бир бөлүгүн Украинага өткөрүп берүү жөнүндө сөз кыла элек. Украина Дания, Бельгия, Норвегия жана Нидерландия колдонуп жаткан F-16AM Block 20 MLU учактарын алышы көбүрөөк ыктымал.

F-16 бул версиясы терең ички модернизациядан өттү жана сырткы көрүнүшү жана радарынан башка дээрлик бардык мүнөздөмөлөрдө — F-16C/D Block 50/52 заманбап түркүмүнө туура келет. Бирок мурунку версияда бир кемчилиги бар: авиониканын жана электрондук маалымат берүү тутуму жаңыртылса да, Бельгия жана Дания колдонгон F-16ын радарлары эски бойдон калган.

F-16 үчүн ракеталар

F-16 ар түрдүү ок-дарыларды өтө көп ташып жүрүүгө ылайыкташтырылган. Томас Тайнер Украинага биринчи кезекте “аба – аба” ракеталары керек – Орусиянын аскердик учактарын атып түшүрүү үчүн эмес, канаттуу ракеталарды жана ирандык камиказе дрондорду жок кылуу керек деп эсептейт.

“Мындай милдеттерди аткаруу үчүн F-16 абадан коргонуу тутумдары же орусиялык күчтөр тарабынан сокку алуудан коркпой эле Украинанын аба мейкиндигинде учуп жүрө алат. Европа өлкөлөрүндө мындай ракеталар он миңдеп саналат. Эгер алар Украинага өткөрүп берилсе, анда Европа Киевди "Патриот" сыяктуу кымбат баалуу абадан коргонуу тутумдары менен кошумча камсыз кылуу зарылчылыгынан кутулат. Мисалы, бул америкалык AIM-9 Sidewinder башкарылуучу ракеталары жана AIM-120 AMRAAM орто аралыкка учуучу ракеталары болушу мүмкүн. Булардын биринчиси - бутаны аныкташ үчүн жылуулукту колдонот, экинчиси - радиолокатор үчүн колдонулат. Орусиялык согуш учактарын атып түшүрүү үчүн Украина AIM-120 AMRAAM учагынын эң заманбап түрүнө ээ болушу керек", – дейт Тайнер.

Бирок Дания, Голландия жана Норвегия колдонгон F-16лардын радарлары эски.

“Алардын радарлары ошол ракеталар учуп жеткидей алыс аралыктагы нерсени бутага ала албайт”, – дейт эксперт.

Томас Тайнер украин армиясынын дагы бир чоң милдети — душмандын абадан коргонуусун сүрүп салуу. Ошондуктан F-16нын айрым түрлөрү, мисалы, F-16CM жана F-16DM атайын ушул максатка ылайыкташтырылган деп баса белгилейт.

Бул милдетти аткарууда негизги курал катары AGM-88 HARM ракеталары колдонулат. Алар 2022-жылы Украинага жеткирилип, Куралдуу күчтөрдүн карамагында турган советтик кыйраткыч учактарга ылайыкташтырылган. Бул Орусиянын абадан коргонуу системаларын жок кылуу жагынан Украинанын мүмкүнчүлүгүн чектейт, анткени бул учурда ийгиликке жетүү үчүн өзгөчө ыңгайлуу шарт болушу керек.

Басып алынган Херсон аймагындагы орусиялык жоокер жана HARM радарга каршы ракетасы. 2022-жыл.
Басып алынган Херсон аймагындагы орусиялык жоокер жана HARM радарга каршы ракетасы. 2022-жыл.

“Бул жерде дагы бир маселе бар: F-16CM жана F-16DM учактары кыйла аз, 300дөй эле чыгарылган. HARM радиолокацияга каршы ракеталарын "кадимки" F-16s менен да колдонсо болот. Бирок алар душмандын кийлигишүүсүнөн жана электрондук башкаруу тутумдарынан жакшы корголбогон”, – дейт Тайнер.

Алыска атылуучу ракеталар жана заманбап радарлар менен Украинанын Куралдуу күчтөрү колдонгон, ошондой эле абадан коргонуу системаларында болгон советтик учактарды атып түшүрө турган заманбап орус кыйраткычтары жөнүндө Томас Тайнердин ою мындай:

Бул коркунучтарга каршы туруу үчүн украин армиясына тоскоолдуктардан мыкты корголгон, өзү мээлөөчү радиолокациялык дүрмөтү бар жана кыйла алысыраак атылуучу жаңыртылган AIM-120 C-5 жана C-7 ракеталары керек. Анын да кемчилиги ошол эле – Украинага өткөрүлүп берилген F-16 кыйраткычтарына орнотулуучу радарлары эски типтеги бойдон кала бериши ыктымал.

AIM-120 ракетасы:

Бул F-16лар душмандын аскерлерине жана жерде жайгашкан аскердик объекттерине каршы колдонулабы? Тайнер муну кооптуу деп эсептейт, Орусиянын абадан коргонуу тутумдары каптаган аба мейкиндигинде кыйраткычтарды мындай пайдаланбаш керек дейт.

Анын айтымында, Израилдин радиолокациялык станцияларды жок кылууга арналган күзөтүүчү Harpy куралы (иш жүзүндө баягы эле “камикадзе”) ылайык келмек. Бирок азырынча аларды Украинага өткөрүп берүү жөнүндө сөз боло элек.

Муну менен катар, Украина F-16 ракеталарын буга чейин алган Storm Shadow канаттуу ракеталарына окшош ракеталарды учура алат. Ал эми келечекте LRASM кемеге каршы алыска атылуучу ракеталарды колдонушу мүмкүн. Булардын экинчиси 1000 чакырымга чейинки аралыкка уча алгандыгы менен Орусиянын кемелери Украинага “Калибр” канаттуу ракеталары менен аткылап жаткан Кара деңиз флотуна олуттуу коркунуч туудурушу мүмкүн.

Украина үчүн коркунучтар жана кыйынчылыктар

Айрым эксперттер Украинадагы чатакта америкалык кыйраткыч учактардын майнаптуу колдонуларына анча ишенбейт.

АКШнын сенатору жана Куралдануу комитетинин мүчөсү Жек Рид Украинага согушкерлерди жеткирүү зарыл эмес деп эсептейт. Анткени украиналык учкучтар Орусиянын авиация жана абадан коргонуу тутумдарынын иш-аракетинен улам америкалык учактардын дареметин толук пайдалана алышпайт дейт.

“Украинада азыр деле учактары бар, бирок аларды көп колдонушпайт: абадагы кырдаал буга жол бербейт. Азыркы шартта абага учуп чыгуу өтө кыйын. Азыр жапыз учушат, ал эми ок-дарыларды таштоо үчүн алар чукул кайкып учушат. Мунун айынан украиналык бир нече учкуч курман болгон”, – дейт Рид.

RAND изилдөө уюмунун талдоочулары Жон Хонг жана Уильям Кортни F-16ны Украинанын асманында учуруу кыйынга турат деп эсептешет. Эксперттердин айтымында, F-16 үчүн узун, текши учуп-конуу тилкеси керек. Ошондуктан Украинанын тегиз эмес тилкелери бул учактарга анча ылайык эмес. Демек, Украина Орусиянын Куралдуу күчтөрү байкай турган бир нече учуу-конуу тилкесин өркүндөтүп, кеңейтиши керек.

“Эгерде Украинада бир нече ылайыктуу аэродрому болсо жана Орусия алардын жайгашкан жерин билсе, анда ал ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, объектилерге кол салышы ыктымал”, – деп жазат RAND аналитиктери.

Дагы бир көйгөй – учкучтарды жана кызматкерлерди окутуу. Гриффит университетинин кызматкери, Австралиянын аба күчтөрүнүн мурдагы жоокери Питер Лейтон үч айдын ичинде украиналык учкучтарды F-16 башкаруусунда машыктырууга болот, андан кийин учкучтар асманда коркпой учуп, эч кыйналбай коно алышат деп белгиледи.

Лейтондун айтымында, бул учактарды согуш шарттарында колдонуу үчүн кыйла комплекстүү жана узак мөөнөттүү даярдык талап кылынат. Ал украиналык учкучтар кыска убакыт ичинде орус учактарын жана ракеталарын атып түшүрүүнү үйрөнө алышат, бирок Батыштын курал-жарактарын натыйжалуу колдонуп, көрүү мүмкүнчүлүгү аз шартта жапыз учканда жердеги бутага сокку урууга үйрөнүү үчүн көп убакыт керектелет деп эсептейт.

Үч айдын ичинде учкучтарды окутуу теориялык жактан мүмкүн. Бирок АКШнын Конгрессинин Изилдөө кызматынын жакында жасаган баяндамасына ылайык, техниктерди даярдоого кыйла көп убакыт талап кылынат. F-16 учкучтарын окутуу англис тилинде жүргүзүлөт жана 133 күнгө созулат, бирок чыныгы кесипкөйлөрдү даярдап чыгуу үчүн кеминде бир жыл талап кылынат деп айтылат баяндамада.

F-16ны тейлөө да татаал иш: бардык керектүү шаймандар жана логистика бар шартта бир саатык учууну 16 саат тейлөөгө туура келет. Баяндамада үчүнчү өткөрүлүп берилген кыйраткычтарды тейлөө үчүн өлкөлөрдүн адистерин тартууга болот, бирок бул кыйла кымбат турат, саясий маселелер да кедергисин тийгизиши мүмкүн деп айтылган.

Томас Тайнер бул кооптонууларга жарым-жартылай макул, бирок маселени чечүү мүмкүн деп эсептейт. Эксперттин айтымында, кадр таңкыстыгын батыш өлкөлөрүнөн ыктыярчыларды тартуу менен чечүүгө болот. Алардын көпчүлүгү америкалык кыйраткычтарды тейлөө жагынан чоң тажрыйбага ээ жана Украинага келүүгө даяр экендигин билдиришкен. Учкучтардын катарын да ушундайча толуктаса болот. Эгер Киев чет элдик учкучтарга Украинанын жарандыгын тез арада берүү программасын иштеп чыкса, саясий кыйынчылыктарды азайтууга болот.

АКШ Конгрессинин Изилдөө кызматынын адистери дагы бир маселени жазышты: F-16ны мыкты жабдуу баасы да кымбат болот. Мисалы, бир AIM-120 ракетасынын баасы миллион доллардан ашат, ал эми келишим түзүлгөндөн тартып даяр өнүмдү жеткирүүгө чейин эки жыл өттү. Баяндамада Америка Кошмо Штаттары AIM-120ны өзүнүн камынан бере алат, бирок булар АКШ өзү башка мамлекет менен түздөн-түз кагылышып калса керек болушу да мүмкүн.

"Эми Мариуполдогудай болбойт"

Бул согушта Украина Орусиянын абада үстөмдүк кылышына жол бербесе да, советтик кыйраткычтары бар болсо да, алар үчүн запастык тетиктерди камсыздоо жагынан кыйналып жатат. F-16 эң заманбап орус кыйраткыч учактардан, мисалы, Су-35тен ашып түшпөйт. Бирок жок дегенде калган учактарды колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн советтик учактарды запастык бөлүктөргө жиликтөөгө чейин барган жок.

“Ошентип, F-16 биринчи кезекте Украинанын аба күчтөрүн асманга чыгаруу үчүн керек. Эӊ баштапкы үлгүсү болсо деле, F-16 Орусиянын канаттуу ракеталарына жана ирандык дрондорго каршы колдонууга абдан ылайыктуу болот. Орусиянын аба күчтөрү Мариуполдогу Азовсталга ондогон күчтүү бомбаларды эч тоскоолдуксуз таштаган эле, анткени Украинанын аба күчтөрү жана абадан коргонуу тутумдары ал жерден алыс жайгашкан болчу. Украина жетиштүү сандагы учкучтарды чакырып алса, келечекте аларды F-16нын Орусиядагы болгон учактарга салыштырмалуу бардык жагынан мыкты заманбап версияларын башкарууга үйрөтсө болот", - деп өз пикирин жыйынтыктады Томас Тайнер.

Макаланын түп нускасын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG