Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

WSJ: Сауд Арабия менен Орусиянын ортосунда мунай боюнча түшүнбөстүк чыкты


Сауд Арабия менен Орусиянын ОПЕКтеги өкүлдөрү.
Сауд Арабия менен Орусиянын ОПЕКтеги өкүлдөрү.

Сауд Арабия Москвага ОПЕК+ алкагында мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтуу боюнча алган милдеттенмесин аткарбай жатканына нааразы болууда. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Басылма жазгандай, саудиялык жогорку кызматтагылар Орусия бийлигине кайрылып, мунай өндүрүүнү чектөө боюнча келишимди аткарууга чакырган. Эр-Рияд Орусия дүйнө рыногуна чийки мунайды келишимде көрсөтүлгөндөн көп көлөмдө сатып жатат деп эсептейт жана бул көрүнүш мунайдын арзандашына алып келет. Сауд Арабия болсо анын кымбатташын каалайт.

Brent мунайынын дүйнө рыногундагы азыркы баасы апрелде ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн азайтууну макулдашкандан учурга салыштырмалуу 10% төмөн болууда. Эл аралык энергетикалык агенттик да Орусия апрелде суткасына 500 миң гана баррель мунай өндүрүү талабын аткарган эмес деп эсептейт.

Басылма ОПЕКтин алдыда, 4-июнда боло турган жыйынынын алдында кырдаал курчуганын жазган. ОПЕК+ Сауд Арабия жетектөөчү ролду ойногон, мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн эл аралык уюмуна (ОПЕК) мүчө өлкөлөрдү жана ОПЕКке мүчө болбогон бир катар мамлекеттерди, анын ичинде Орусияны бириктирген расмий эмес уюм. ОПЕК баа саясатын буга чейин ич ара эле чечишип келген.

The Wall Street Journal ырастагандай, Сауд Арабия бюджетин бекиткенде мунайдын бир боррелин 81 доллардан эсептеген, бирок азыр анан баасы бир нече долларга төмөн болуп турат. Мунай өндүрүүнүн көлөмү кыскарса, баанын көтөрүлүшү мүмкүн болчу.

Орусиянын вице-премьер-министри Александр Новак “Орусия мунай өндүрүүдө ыктыярдуу чекти сактап жатканын” айткан.

Былтыр Батыш өлкөлөү орусиялык мунайды ташып кирүүгө чектөө киргизип, орус мунайынын баасын кымбаттабай тургандай чек кабыл алышкан. Бирок Москва санкция салууга кошулбаган өлкөлөргө мунайды чоң көлөмдө сатууну улантууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG