Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Түркиядагы президенттик шайлоодо Эрдоган жеңди


Режеп Тайып Эрдоган тарапташтарына кайрылды. Анкара. 29-май, 2023-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган тарапташтарына кайрылды. Анкара. 29-май, 2023-жыл.

Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ахмет Йенер президенттик шайлоонун экинчи айлампасын Режеп Тайып Эрдоган жеңгенин жарыялды. Эрдоган добуштардын 52,14% алды. Ал эми атаандашы Кемал Кылычдароглу шайлоочулардын 47,86% добушуна ээ болду.

Жекшембиде түнү Эрдоган анын жеңишин майрамдап чыккан жүз миңдеген тарапташтарына кайрылып, "биздин эч кимге таарынычыбыз жок, шайлоодо 85 миллион киши жеңди" деди.

Шайлоонун жүрүшүндө олуттуу мыйзам бузуулар катталган эмес. Бирок оппозиция шайлоо эркин өттү дегенге кошулбайт. Алар Түркияда иш жүзүндө БШК жана сот президентке баш ийип, сөз эркиндиги басымга кабылганын жана бийликке олуттуу атаандаш боло турган саясатчылар куугунтукталып жатканын айтып келет.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жеткен талапкер 2028-жылга чейин, беш жылдык мөөнөткө шайланат.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган. Быйыл ошондой эле 29-октябрда Түркия жумуриятынын 100 жылдыгы белгиленет. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG