Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Киев өткөн түнү кайрадан аба соккусуна кабылганын билдирди


Киев шаары. 29-май, 2023-жыл.
Киев шаары. 29-май, 2023-жыл.

Украин күчтөрү 29-майга караган түнү орусиялык 40 дрон жана канаттуу ракетаны атып түшүрдү. Бул тууралуу Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко билдирди. Анын айтымында, ушуну менен Киев май айында он бешинчи жолу чабуулга кабылды.

Шаар мэри Виталий Кличко Телеграмга жазгандай, дүйшөмбү түнү ракеталардын сыныктары Святошино жана Подольск райондоруна түштү. Жабыркагандар жана каза болгондор жок, имараттарга зыян келтирилген эмес.

Украинанын Куралдуу күчтөрү өткөн түнү өлкө боюнча 37 канаттуу ракета, 29 дрон жана бир чалгындоочу дрон жок кылынганын билдирди.

Украинанын Коргоо министри Алексей Резников жекшембиде телемарафондо мамлекет кышка чейин абадан коргонуу системасын жакшырта турганын жарыялады. Министрдин айтымында, мында бир гана ири шаарлар эмес, бардык аймактар камтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин аймагынын аткыланышы боюнча комментарий бере элек. Согуш учурунда мындай маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо кыйын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG