Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Аба ырайы: күн ачык болот


Кел-Суу - Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнү.
Кел-Суу - Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнү.

30-майга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Талас аймагында түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10 градус жылыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13°, күндүз 28…30° жылуу болот.

XS
SM
MD
LG