Италиянын мурдагы өкмөт башчысы Сильвио Берлускони көз жумду

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 86 жашында каза болгонун Corriere della sera жана La Repubblica гезиттери жазды. Reuters агенттиги ал оорудан улам 12-июнда көз жумганын кабарлады. Маалыматты расмий адамдар тастыкташты.

Берлускони апрелде Миландагы ооруканага жаткан. Ага өнөкөт лейкоз деген диагноз коюлган.

Ал Италиянын мамлекеттик жана саясий ишмери, 1994-жылдан 2011-жылга чейин төрт жолу Министрлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген. Италиядагы эң бай ишкерлердин бири катары да таанымал. 57 жашында саясатка аралашып, өкмөттү жетектеген алгачкы мультимиллиардер.

1994-жылы январда Forza Italia партиясын түптөп, эки айдан кийин Италиядагы улуттук парламенттик шайлоодо жеңген.

Дагы караңыз

Базарбаев Европага жумушчу жөнөтүү маселеси каралып жатканын айттыУкраин армиясы Донецкидеги бир нече кыштак бошотулганын жарыяладыАба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт Орусияда кармалган тажик мигранттары шарттын начардыгына даттанууда