Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Базарбаев Европага жумушчу жөнөтүү маселеси каралып жатканын айтты


Кудайберген Базарбаев.
Кудайберген Базарбаев.

Кыргызстан мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, мурда Түштүк Кореяга жылына 750 жаран жөнөтүлүп келген болсо, 2022-жылы 1800 адам кеткен. Британияга былтыр 1500 киши жөнөтүлсө, быйыл 8 миң жаранды иш менен камсыз кылуу боюнча келишим түзүлгөн.

“Министрлик Дания, Бельгия, Финляндия, Польша, Венгрия өлкөлөрү менен эмгек келишимдерин түзүүнү караштырып жатат”, - деди Базарбаев.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү Орусияда.

Украинага кол салганы үчүн Орусияга каршы салынган санкциялардан улам ал өлкөдөгү жумуш орундары кыскарганы айтылып, кыргыз мигранттарына башка өлкөлөрдөн жумуш орундарын түзүү маселеси көтөрүлгөн. (TAb)

XS
SM
MD
LG